ɫtv

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бүтүрүүчүлөрдүн ийгилик окуялары

Бүтүрүүчүлөрдүн ийгилик окуялары

Results: 21

25
Jan
 
Татьяна Ким: “БААУ жакшы билим берүүсү жана аброю бар мыкты университет”
Татьяна Ким – БААУнун чыгаан бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Ал Журналистика жана массалык байланыштар факультетин 2006-жылы бүтүргөн.
18
Jan
 
Алманбет Абылкасым уулу: “БААУ - бул ар бир студент өзүн максималдуу көрсөткөн жана өз дараметинбилгенчөйрө”
Алманбет Абылкасым уулу – БААУнун чыгаан бүтүрүүчүлөрүнүн бири, “Бизнес башкаруу” факультетин 2011-жылы бүтүргөн.
12
Dec
2023
 
Мунар Иса: «Ийгиликтүү карьера курууда БААУнун орду чоң»
Мунар Иса БААУнун көрүнүктүү жана ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Ал 2007-жылы экономика факультетин бүтүргөн.
13
Mar
2023
 
Мира Жакшылыкова: "БААУда өнүгүү, сынчыл ой жүгүртүү жана байланыш түзүү үчүн сонун шарттар бар."
Мира Жакшылыкова 2021-жылы БААУну «Экологияны башкаруу жана туруктуу өнүгүү» жана «Эл аралык жана салыштырмалуу саясат» адистиктери боюнча аяктаган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал «Суу кызматташтыгы жана дипломатиясы» боюнча биргелешкен магистратура программасында окуусун уланткан.
7
Mar
2023
 
Аслан Алпаров: "БААУдагы биримдик жана колдоо сезиминен ырахат алдым. Бул мага академиялык жана жеке жактан өнүгүүгө шарт түздү."
Аслан Алпаров — БААУнун 2021-жылдагы бүтүрүүчүсү, ал «Колдонмо геология» адистигин аяктаган. Азыр ал Канаданын Саскачеван университетинде Геология илими боюнча магистратура программасында окуп жатат жана ошол эле учурда “SSR Mining” компаниясында талаа геологу болуп иштейт.
9
Feb
2023
 
Айдана Эрматова: "БААУдагы күндөрүмдү эстеп, ал убакка кайра кайткым келет
Айдана Эрматова 2021-жылы БААУну эки адистик боюнча — «Экологияны башкаруу жана туруктуу өнүгүү» жана «Экономика» бөлүмдөрүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин, Айдана Erasmus Mundus биргелешкен программасында стипендияга тапшырып, азыр Бонн университетинде магистратурада окуп жатат.
27
Jan
2023
 
Элдос Аталов: «БААУдагы студенттик жылдар мен үчүн жеке жана академиялык өсүү мезгили болду»
Элдос Аталов 2022-жылы Программалык инженерия бөлүмүн бүтүргөн. Учурда ал “Reddit Inc” компаниясында аутстаффинг аркылуу программист-консультант катары иштейт, негизги милдеттери — монетизация бөлүмү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу, долбоорлоо жана текшерүү. Элдос негизинен программалык инженер катары көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, тажрыйба топтоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө көңүл бурат.
25
Jan
2023
 
Асель Таалайбек кызы '22: «БААУ мени оң мааниде таптакыр башка адам кылды»
Асель Таалайбек кызы 2022-жылы Эл аралык жана бизнес укугу бөлүмүн аяктаган. Азыркы учурда ал Америка Кошмо Штаттарындагы Борбордук Мичиган университетинде магистратурада «Бизнести башкаруу жана менеджмент» боюнча билим алып жатат.
24
Jan
2023
 
Асель Осмонгазиева: «БААУ билим алуу үчүн башка эч бир жерге окшобогон шарт түзөт»
Асель Осмонгазиева 2021-жылы БААУнун Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин Асель дароо иш тажрыйбасын топтоону чечип, учурда кургак учукка каршы ар кандай иш-чаралар аркылуу күрөшүүчү коммерциялык эмес уюмда иштеп жатат.
20
Jan
2023
 
Шахруддин Иминов: «БААУдагы убактым абдан жарык, кызыктуу жана унутулгус болду»
Шахрудин Иминов 2021-жылы «Эл аралык жана бизнес укугу» адистигин аяктаган. Азыр ал Италиядагы Римдеги Ла Сапиенца университетинде магистратурада окуп, БААУда Студенттик турмуш боюнча адис болуп иштейт. Бул маекте Шахрудин студенттерге студенттик жашоонун канчалык маанилүү экенин айтып берет.


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028