ɫtv

БААУда Донор күнүнүн жыйынтыгы

БААУда Донор күнүнүн жыйынтыгы

20&Բ;ноября&Բ;2024

2024-жылдын 14-15-ноябрында БААУнун кампусунда Медицина кеңсеси КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык кан борбору менен биргеликте уюштурган Донор күнү өткөрүлдү. Акция Бишкек шаарынын донордук канга муктаж болуп жаткан медициналык уюмдарына колдоо көрсөтүүгө багытталды.

Иш-чарага 100дөн ашуун киши катышып, бирок алардын ичинен 65и гана донор боло алышты. БААУнун медициналык кеңсесинин жетекчиси Эльмира Амандыкова белгилеп өткөндөй, каалоочулар көп болгонуна карабастан, медициналык каршы көрсөтмөлөрдөн улам алардын баары эле кан тапшыра алышкан эмес.

“Медициналык абалдан кабарыңыздар бар болушу керек – Бишкекте жана бүткүл Кыргызстан боюнча донордук кандын жетишсиздиги байкалууда. Ошондуктан мындай иш-чаралар такай өткөрүлүп турат. Демилгеге колдоо көрсөткөндүгү үчүн БААУнун администрациясына ыраазычылык билдиребиз. Анан албетте активдүү катышкандыктары үчүн биздин студенттерге, окутуучуларга жана кызматкерлерге рахмат. Мен бардык донорлорду баатыр деп эсептейм, анткени алар өмүрлөрдү сактап жатышат. Белгилей кетсем, донорлордун көбү жөн гана жарандык милдетин аткарып жаткандыгын айтып келишет”,- деп белгиледи Эльмира Амандыкова.

Активдүүлүк менен жардам колун сунууну Республикалык кан борборунун өкүлдөрү да баса белгилешти. Аталган борбордун көчмө биргадасынын жетекчиси Назгуль Кубатбекова бул тууралуу мындай дейт: “Мындай иш-чаралар Бишкектин бардык ЖОЖдорунда уюштурулууда. Максат – шаардын медициналык уюмдарын үлгүлтүксүз камсыздоо үчүн канды жана компоненттерди камдоо. Биздин борбордун атынан уюштуруучулар менен катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. БААУнун студенттеринин активдүүлүгү жогору болду. Жардам колун сунуп, өмүрлөрдү сактоону каалагандар чынында көп болду”.

БААУдагы Донор күнү университеттик коомчулуктун ынтымагы менен жоопкерчилигин көрсөткөн маанилүү окуя болду. Иш-чара салтка айланган жакшы саамалык болот жана өмүрлөрдү сактоого салым кошууга дагы көп адамдар донордук кыймылга кошулат деген үмүттөбүз.

Акцияга колдоо көрсөткөндөрдүн баарына рахмат – сиз баары үчүн үлгүсүз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028