29&Բ;ноября&Բ;2024
Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) Кэмбридж басмаканасы (Cambridge ɫtv Press) менен 2025-жылга илимий журналдар жыйнагына консорциум аркылуу жазылууга мүмкүнчүлүк алды. Бул келишим аркылуу Кыргыз Республикасындагы бардык жогорку окуу жайлар электрондук илимий ресурстардын коллекциясына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Өлкөдөгү илимди жана билимди өнүктүрүү үчүн сапаттуу академиялык материалдардын болушунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен, БААУ Кыргыз Республикасындагы бардык жогорку окуу жайларды аталган электрондук илимий ресурстар менен камсыз кылуу үчүн акы төлөө милдетин алат.
Жазылуу Кэмбридж басмакансынын гуманитардык, коомдук жана техникалык илимдеринин кеңири спектирин камтыган 420 рецензияланган журналдарына толук жеткиликтүүлүктү камтыйт.
Мындан тышкары, Кыргызстандын окумуштууларына, изилдөөчүлөрүнө жана мугалимдерине ачык жеткиликтүүлүтөгү журналдарга макалаларды акысыз чыгарууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул жергиликтүү авторлордун эл аралык илимий чөйрөдө чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.
Жазылуу аяктагандан кийин, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 2025-жылы жарык көргөн материалдарга, ошондой эле 1998-жылдан башталган басмакананын архивине туруктуу кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. БААУ менен Кэмбридж басмаканасынын ортосундагы келишим Кыргызстандагы илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү ишмердүүлүгүн колдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Суроолор боюнча БААУнун китепканасы менен төмөнкү даректер аркылуу байланышыңыз. library@auca.kg, тел. (0312) 915 000 кошумча 300, 303.