ɫtv

Гуманитардык илимдер үчүн санариптик куралдар: БААУдагы биринчи семинардын жыйынтыгы

Гуманитардык илимдер үчүн санариптик куралдар: БААУдагы биринчи семинардын жыйынтыгы

3&Բ;декабря&Բ;2024


26-ноябрь шейшемби күнү БААУда Кыргызстандын ЖОЖдорунун окутуучулары үчүн “Тексттик анализдин усулдары” семинары өткөрүлдү. Семинар БААУнун Президенттик Фондунун PREF колдоосу астында уюштурулду. Бул бирдиктүү “Гуманитардык илимдердеги санариптик куралдар жана усулдар” темасында пландаштырылган 3 семинарлардын сериясынын алгачкысы болду.
Чакырууну гуманитардык илимдер тармагында эмгектенген сегиз ЖОЖдон 20 окутуучу кабыл алган. Белгилей кетсек, семинарга катышуу акысыз болуп, ал эми ага катышуу үчүн катталуунун жана гуманитардык илимдерде санариптик куралдарды өнүктүрүүгө жана пайдаланууга кызыкдар болуунун өзү жетиштүү эле.
Иш-чаранын катышуучуларын БААУнун Жаңы муун академиясынын директору Камиля Кадырова жылуу тосуп алды. Ал жалпы долбоор тууралуу маалымат берип, анын алкагында 3 айдын аралыгында семинарлардын сериясы өткөрүлүүсүн билдирди. Ошондой эле Камила айым биринчи семинардын максаттарына жана темасына токтолуп, катышуучуларды насаатчы жана болочок семинарлардын жүгүртмөсү менен тааныштырды.
БААУнун китепканасынын директору Жылдыз Бекбалаева “Digital Humanities деген эмне?” деген темада бет ачарын тартуулады. Анда ал Digital Humanities түшүнүгү менен жана аны колдонууга байланышкан суроолорго жооп берип, ошондой эле колдонула турган куралдар менен усулдарды карап чыкты. Жылдыз Бекбалаева БААУдагы “Санариптик гуманитардык изилдөөлөргө киришүү” курсун окутуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, Google Ngram Viewer жана Voyant куралдарынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп берди. Семинардын катышуучулары аталган программалардын иш жүзүндө иштөөсү менен таанышып, аларды билим берүү процессинде жана илимий изилдөөлөрдө кантип пайдалануу жолдорун түшүнүүгө жетишишти.
“Эркин илимдер жана искусстволор” факультетинин жетекчиси Данияр Карабаев дагы бир изилдөө куралы –AntConc программасы тууралуу айтып берди. Бул тексттерди статистикалык изилдөө үчүн багытталган акысыз программа. AntConc студенттер менен окутуучулардын окутуу менен катар илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүндө да колдонула алат. Данияр мырза манас таануу курсун окутуу тажрыйбасы менен да бөлүштү. Анын айтымында, статистикалык куралдар студенттерди салттуу эпосторду жаңы көз карашта изилдөөгө кызыктырууга жардам берген.
Кезектеги семинар 2024-жылдын 12-декабрында өтүп, анын темасы “Геомаалыматтык системалар жана санариптик карталар” болмокчу.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028