ɫtv

БААУ китепканачылары IFLA/ILDS конференциясында

БААУ китепканачылары IFLA/ILDS конференциясында

10&Բ;декабря&Բ;2024

#китепкана#library

2024-жылдын 2 – 4-декабрында БААУнун китепканасынын директору Жылдыз Бекбалаева жана маалымат берүү боюнча адис Мадина Керимова Азербайжан Республикасынын Баку шаарындагы ADA университети тарабынан уюштурулган IFLA ресурстарды бөлүшүү жана документтерди жеткирүү боюнча 18-конференциясына катышышты.

“Глобалдуудан жергиликтүүгө: ресурстарды биргеликте колдонуудагы ар түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк” аттуу конференция санариптик доордо ресурстарды бөлүшүү боюнча көйгөйлөрдү жана стратегияларды талкуулоо үчүн дүйнө жүзүнөн 80ден ашуун катышуучуну бириктирди. БААУнун китепканачылары өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кыргызстандагы ачык жекиликтүүлүк демилгелери тууралуу айтып беришти. Ошондой эле эл аралык академиялык коомчулукка дээрлик белгисиз бойдон келе жаткан өлкөнун сейрек кездешүүчү китептери жана кол жазмалары тууралу маалымат беришти. Конференцияга катышуу БААУнун китепканасынын кызматташуусун кеңейтүүгө жана ресурстарды бөлүшүү боюнча эл аралык демилгелерге активдүү катышууга өбөлгө түздү.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028