ɫtv

БААУ “Бир Дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын тасмалары көрсөтүлчү аянтка айланды

БААУ “Бир Дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын тасмалары көрсөтүлчү аянтка айланды

16&Բ;декабря&Բ;2024

Бишкекте 2024-жылдын 3-декабрынан 7-декабрына чейин “Бир Дүйнө – Кыргызстан” адам укуктары боюнча документалдык тасмалардын Эл аралык XVII фестивалы болуп өттү. Быйылкы фестивалдын негизги темасы – “Жаштар искусство жана адам укуктары үчүн: туруктуулук, намыс, коопсуздук”.

18-ирет өткөн фестиваль дүйнөнүн 15 өлкөсүнүн документалдык тасмаларын чогултту. Алар: Гвинея-Бисау, Португалия, Бразилия, Эстония, Улуу Британия, Судан, Түштүк Судан, Марокко, Молдова, Өзбекстан, Непал, Кыргызстан, Казакстан, Франция, Дания жана Ооганстан.

Ал эми калыстардын курамын төмөнкү инсандар түздү: кино таануучу Султан Усувалиев (Кыргызстан), режиссёр Абдулалим Мамадалиев (Кыргызстан), БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун аткаруучу директору, режиссёр-документалист Нуржамал Карамолдоева (Кыргызстан), укук коргоочу Ион Маноле (Молдова), коомдук ишмер жана укук коргоочу Дмитрий Тихонов (Казакстан), журналист-укук коргоочу Индира Какимова (Казакстан) жана журналист Толкун Наматбаева.

Жаштардын укуктарына арналган фестивалдын Борбордук Азиядагы Америка университетинде өтүүсү символикалык мааниге ээ. Тасмаларды көрүүгө каалоочулардын баары катышуу укугуна ээ болушту.

Фестивалдын сынактык программасында социалдык теңсиздик, кыз-келиндердин укугу, коомдун аярлуу топторун коргоо, экологиялык чакырыктар жана маданий мурастарды сактоо темаларын козгогон тасмалар таймашты.

Ошентип, фестивалдын жыйынтыгында төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

Гран-при: “Көмүү баяны” (Джозеф Карран жана Доминик Обри де Вере, Улуу Британия).

Мыкты улуттук тасма: “Мен өлгөндөн кийин кете бер” (Тамара Кубаева, Кыргызстан).

Мыкты Эл аралык тасма: “Бисау үчүн биригели” (Иара Ли, Гвинея-Бисау, Португалия, Бразилия).

Гендердик теңчиликти даңазалаган мыкты тасма: “Категория: Кыз-келиндер” (Филлис Элис, Түштүк Африка, Швейцария, Кения, Уганда, Германия).

“Социалдык, экономикалык жана маданий укуктар” номинациясында мыкты тасма: “Джунгонун жашоосу” (Давид Феделе, Марокко, Судан).

“Жаңырык” (эки жеңүүчү): “Убакыт искусствосу” (Никита Стригин, Кыргызстан) жана “Доклад ноль” (Аскат Калыбеков, Кыргызстан).

Калыстардын атайын сыйлыгы: “Мага эсимди кайтарып бер” (Варун Триха, Эстония).

Калыстардын өзгөчө белгилөөсү: “Менин махабатым талаада жашайт” (Саадат Сатаева, Кыргызстан).

“Бир Дүйнө – Кыргызстан: Улан Улансын” сыйлыгы: “Аска” (Алтынай Адамалиева, Кыргызстан).

“Бир дүйнө” фестивалы документалдык тасмалардын адам укуктарынын баалуулуктарын жайылтуу жана актуалдуу чакырыктарды түшүнүү үчүн курал катары маанилүү экендигин дагы бир иретбасабелгиледи.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028