ɫtv

Экочеллендж жыйынтыкталды: жаңы ыкмалар, шыктануу жана кайрымдуулук

Экочеллендж жыйынтыкталды: жаңы ыкмалар, шыктануу жана кайрымдуулук

20&Բ;декабря&Բ;2024

#анп#NGA#greenauca#CCE

Жаңы муун академиясынын (NGA) студенттери макулатура чогултуу жана экологиялык адаттарды жайылтууга багытталган экочелленджди демилгелеп, ийгиликтүү өткөрүштү. Идеяны БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун Жашыл БААУ долбоору колдоого алды.

Челлендждин демилгечилери – ЖМАнын студенттери Аяна Уланова жана Акылай Турдубекова. Алар академиянын 20 студенттин чогултуп, 20-ноябрдан 6-декабрга чейин 16 күн аралыгында макулатура чогултушкан. Студенттердин өзүлөрү билдиргендей, баары оңой болгон эмес жана ар кандай кыйынчылыктарга кабылышкан. Эң башкысы алар адаттарын жана жада калса жашоо образында кандайдыр-бир нерселерин өзгөртүүгө мажбур болушкан. Командалардын бири макулатураны Орто-Сай базарында чогултуп, адамдардын ар кандай кабыл алууларына дуушар болушкан. Кээ бирлер өтүнүчтү көз жаздымында калтырса, айрымдар баш тарткан. Бирок чын дилинен жардам бергендер да болбой койгон эмес. Башка команда акция учурунда жеке жазууларын, сомолорун ыргытпоо керек экендигин түшүнгөн. Анткени ал да макулатура эмеспи. Жалпысынан катышуучулар макулатура жыйноо көп эмгекти талап кылган баалуу тажрыйба болгонун белгилешти.
Эки аптада кагаз жана картондорду кошкондо жетишерлик көлөмдөгү макулатура жыйналган. Так өлчөмү объективдүү себептерден улам кийинчерээк белгилүү болот. Чогултулган каражаттардын баары кайрымдуулук максатта жумшалат. Катышуучулар жыйынтык чыгаруу учурунда билдиришкендей, макулатуранын саны эмес, а аны чогултуу процессинде анын катышуучулары таштандыларды бөлүп жыйноого жана бул маанилүү темага башкалардын көңүлүн бургандыгы маанилүү экенин баса белгилешти.
Челлендждин аягында БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору активдүү катышуучуларды сертификаттар менен сыйлады. Сыйлыктарды борбордун Жашыл БААУ долбоорунун координатору Маргарита Лазуткина тапшырды. Активдүү студенттердин макулатураны эң көп жыйнаган жана акцияны видеого тартып жүргөн алтоосуна борбордун логосу түшүрүлгөн футболка жана худи тапшырылды.
Жыйынтыктоочу иш-чара таштандыларды өзүнчө чогултуу жана ылгоо тууралуу студенттердин өзүлөрү тарткан тасмаларды көрүү менен аяктады. Бул шыктандыруучу финал экологияны көздөй жасалган майда кадамдар чоң өзгөрүүлөргө алып келерин эскертти десекжаңылышпайбыз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028